> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/11/kyrghyzstanda-qr-tolom-zhughurtuusu-bir-zhylda-10-esieghie-koboighon/
- Published: 2026-02-11T13:25:26.000Z
- Updated: 2026-02-11T13:25:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Коом

**Кыргызстанда QR-төлөмдөрдүн жүгүртүүсү рекорддук көрсөткүчкө жеткенин Улуттук банк билдирди. Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, 2025-жылы соода жана тейлөө ишканаларында 114,1 миң QR-код орнотулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 95,3%га көп.**

> Негизги оператор аркылуу бир жыл ичинде 908,6 млрд сом суммасында 525,1 млн транзакция жүргүзүлгөн. 2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны 8 эсеге, ал эми көлөмү 10 эсеге өскөн.

Белгиленгендей, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен улуттук QR-код стандартынын негизинде ар кандай төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыз кылган жалгыз өлкө болуп саналат. ELQR системасына 20 коммерциялык банк жана 14 төлөм уюму кошулган.

Улуттук банк 2025-жылы ишке ашырылган чаралар заманбап накталай эмес инфраструктураны калыптандырууда маанилүү этап болгонун жана ыкчам төлөмдөр системасын мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзгөнүн белгиледи. Бул багыттагы иштер улантылат.