> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/12/balyk-toiuttarynan-koshumcha-nark-salyghy-alynbait/
- Published: 2026-02-12T10:16:31.000Z
- Updated: 2026-02-12T10:16:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Коом

**Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомго киргизилди.

> Жаңы чечимге ылайык, 2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоют сатууда КНС алынбайт. Нөлдүк ставка тоютту өндүргөн ишкана аны балык өстүрүү менен алектенген чарбага түз саткан учурда колдонулат.

Бул чара балык өстүрүүчүлөрдүн чыгымын азайтып, ата мекендик өндүрүштү көбөйтүүгө жана бааларды туруктуу кармоого жардам берет.