> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү объектилер боюнча макулдашууну ратификациялады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/12/kazakstandyn-sienaty-ysyk-koldoghu-obiektilier-boiuncha-makuldashuunu-ratifikatsiialady/
- Published: 2026-02-12T09:00:10.000Z
- Updated: 2026-02-12T09:00:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кыймылсыз мүлк

**Казакстандын Сенаты Ысык-Көлдөгү казакстандык объектилерге менчик укуктарын жөнгө салуу жана жер тилкелерин ижарага алуу боюнча Кыргызстан менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу Казакстан парламентинин жогорку палатасынын аппарат жетекчиси Максим Споткай билдирди.**

> Анын айтымында, документтер Ысык-Көл облусундагы казакстандык курорттук-рекреациялык объектилердин ишмердүүлүгү үчүн бирдиктүү укуктук негизди түзөт. Тактап айтканда, объектилерге менчик укугун бекемдөө жана алардын алдындагы жер тилкелерин ижарага тариздөө каралган.

Документтер төмөнкүлөрдү карайт:

- *Казакстандын менчигине төрт объект бекитилет: "Казакстан" санаторийи, "Самал" эс алуу үйү, "Университет" спорттук-ден соолукту чыңдоо лагери жана "Олимп" спорттук-ден соолукту чыңдоо борбору;*
- *жер тилкелери 49 жылга ижарага берилет, жалпы аянты — 58,8 гектар;*
- *объектилерди (бир базадан тышкары) 3–4 жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине чейин модернизациялоо милдеттенмеси 2029-жылдын аягына чейин узартылат жана жыл бою иштөө режими каралат;*
- *кыргыз тарап объектилер максаттуу пайдаланылган шартта аларды алып коюу чараларын көрбөөгө кепилдик берет.*

Депутат Нурия Ниязованын айтымында, макулдашуу инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн да карайт. Учурда Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги долбоордук-сметалык документацияны жана инвестициялык келишимдердин долбоорлорун даярдоодо.

Эске салсак, 2025-жылдын декабрында макулдашуу Казакстандын Мажилисинде ратификациядан өткөн. Ал эми 2025-жылдын 27-майында Кыргызстандын президенти ушул эле объектилер боюнча Казакстан менен түзүлгөн эки протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койгон. Муну менен кыргыз тарап ички мамлекеттик процедураларды аяктаган.