> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 2026-жылы  268 трансформатор орнотулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/12/kyrghyzstanda-2026-zhyly-268-transformator-ornotulat/
- Published: 2026-02-12T03:30:03.000Z
- Updated: 2026-02-12T03:30:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Энергетика

2026-жылы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК 268 трансформатор сатып аларын Энергетика министрлигинен билдиришти. Анын ичинен жогорку чыңалуудагы 35-110 кВ тармактарында 20 көмөк чордондо күч трансформаторлорунун кубаттуулугу кошумча 256 мегавольт-амперге( МВА) көбөйтүлөт:

- Бишкек шаарында — 2;
- Жалал-Абад облусунда — 5;
- Ысык-Көл облусунда — 5;
- Нарын облусунда — 2;
- Талас облусунда — 2;
- Чүй облусунда — 4.

Керектөөчүлөрдү тейлеген 10/0,4 кВ тармактарында тейлөө сапатын жакшыртуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жалпы 248 даана трансформатор орнотулуп, мунун натыйжасында кубаттуулук кошумча 107 МВАга жогорулайт.

Трансформаторлор облустарга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:

- Бишкек шаарына — 46;
- Баткен облусуна — 22;
- Жалал-Абад облусуна — 29;
- Ысык-Көл облусуна — 28;
- Нарын облусуна — 27;
- Ош облусуна — 46;
- Талас облусуна — 42;
- Чүй облусуна — 8.