> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад облусунда Россиянын колдоосу менен 379 инвестициялык долбоор ишке ашып жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/12/zhalal-abad-oblusunda-rossiianyn-koldoosu-mienien-379-inviestitsiialyk-dolboor-ishkie-ashyp-zhatat/
- Published: 2026-02-12T11:16:05.000Z
- Updated: 2026-02-12T11:16:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Жалал-Абад облусунда Россиянын колдоосу менен 379 инвестициялык долбоор ишке ашып жатканы бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Россиянын башкы консулу Роман Свистин жолугушуусунда айтылды.**

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда облус башчысы Россия менен кызматташтык артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, Жалал-Абад облусу менен Россиянын бир катар аймактарынын ортосунда туруктуу байланыштар түзүлгөнүн маалымдады.

> Өкүл 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Россия менен товар жүгүртүүсү 27 млн доллардан ашканына токтолду. Ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен облус аймагында 379 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, жалпы 34 млн доллардан ашуун каражат багытталганын белгиледи.

Алардын катарында Токтогул районундагы Кайнама чакан ГЭСи, Кара-Көл шаарындагы балыкты кайра иштетүүчү завод, Манас шаарындагы Жеңиш эс алуу багынын курулушу, Ала-Бука районундагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү завод жана билим берүү тармагындагы мектеп курулуштары бар.