> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акыркы 5 жылда тоо-кен тармагынан казынага 217,9 млрд сом түшкөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/13/akyrky-5-zhylda-too-kien-tarmaghynan-kazynagha-217-9-mlrd-som-tushkon/
- Published: 2026-02-13T05:27:15.000Z
- Updated: 2026-02-13T05:27:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Акыркы беш жылда жер казынасын пайдалануу тармагында системалуу реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.**

Маалыматка караганда, акыркы 2 жылда 8 ири долбоор ишке киргизилип, мамлекеттик ишканаларга 105 лицензия берилди. Ал эми талаптарды бузган 320 лицензия жокко чыгарылды. Бүгүнкү күндө 2014 лицензия күчүндө.

> "Акыркы 5 жылда тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, өсүү 3,5 эсени түздү. 2025-жылы 65,4 млрд сом түшүп, рекорддук көрсөткүч камсыздалды. Бул жылы 40 аукцион өткөрүлүп, 105,6 млн сом түшкөн. 5 жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.