> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл облусунда быйыл 2 миң темир-бетон мамы орнотлуат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/13/ysyk-kol-oblusunda-byiyl-2-min-tiemir-bieton-mamy-ornotluat/
- Published: 2026-02-13T04:07:20.000Z
- Updated: 2026-02-13T04:07:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Быйыл Ысык-Көлдө 2 миң жаңы темир-бетон мамы орнотуларын Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Алмаштырылуучу жыгач мамылар 1960-70-жылдары орнотулуп, эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе өтөп, бүгүнкү күндө авариялык абалга келген. Жаңы темир-бетон мамылар электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүгө шарт түзүп, тармактын ишенимдүүлүгүн арттырат.

*2026-жылга карата мамылар төмөнкү райондор боюнча орнотулат:*

- Ак-Суу РЭТ – 258;
- Каракол РЭТ – 260;
- Жети-Өгүз РЭТ – 263;
- Тоң РЭТ – 543;
- Чолпон-Ата РЭТ – 314;
- Түп РЭТ – 229;
- Балыкчы РЭТ – 282.

Планга ылайык темир-бетон мамылар 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин орнотулуп бүтөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылы облуста 1500дөн ашык темир-бетон мамыларын ийгиликтүү орнотулуп, бир катар аймактардагы эски инфраструктура жаңыланган.