> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/14/mamliekiettik-onukturuu-banky-finansy-ministrlighinien-2-mlrd-biudzhiettik-nasyia-tartty/
- Published: 2026-02-14T08:17:54.000Z
- Updated: 2026-02-15T02:59:01.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады.**

> Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн.

Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин долбоорлорду каржылоо үчүн пайдаланылган репо-бүтүмдөрүнүн алкагында тартылган каражаттарды жабууга багытталары пландалууда.

Бул бүтүмдө кызыкдар тарап катары МинКаб таанылат, анткени ал "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКынын жалгыз акционери болуп эсептелет.