> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/16/tighuu-tarmaghynda-eksport-zhana-loghistika-koighoiloru-chiechiliet/
- Published: 2026-02-16T04:39:51.000Z
- Updated: 2026-02-16T04:39:51.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Президенти Садыр Жапаровдун тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басарлары Искендер Асылкулов жана Беназир Нурланова, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана тигүү тармагынын бизнес өкүлдөрү катышты.

> Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдар аткарылган иштер жана Президенттин тапшырмасын жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат беришти.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү негизги багыттар боюнча чечимдер иштелип чыкты:

- Логистикалык коридорлорду каржылоого мүмкүнчүлүк алуу;
- Продукцияны экспорттоо шарттарын жакшыртуу;
- Чет өлкөлүк адистерди тартуу маселелерин жөнгө салуу;
- Заманчыл тармактык лабораториянын курулушу.

Бул багыттагы иштер Президенттин жеке көзөмөлүндө турат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-72.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-42.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-34.jpeg)