> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Италиялык компания Кыргызстан менен кызматташууга даяр
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/17/italiialyk-kompaniia-kyrghyzstan-mienien-kyzmattashuugha-daiar/
- Published: 2026-02-17T10:57:29.000Z
- Updated: 2026-02-17T10:57:29.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте италиялык Unimpresa компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Агенттиктен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.**

Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык климаты тууралуу презентация жасап, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле капитал салуу үчүн артыкчылыктуу багыттар жөнүндө кеңири маалыматтар менен бөлүштү.

Unimpresa компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар экенин билдирип, диалогду улантууга, конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишкердик байланыштарды бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңири иштеп чыгуу максатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүү жана кошумча консультацияларды уюштуруу тууралуу макулдашты.