> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/18/chuido-dyikan-fiermierlierghie-arzan-kuiuuchu-mai-bierilip-zhatat/
- Published: 2026-02-18T13:17:58.000Z
- Updated: 2026-02-18T13:17:58.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды.**

Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө бар.

> Мындан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 2 млн литр дизелди дыйкан-фермерлерге 74 сомдон берип жатат. Ал эми кадимки май куюучу жайларда дизелдин баасы 78-80 сомду түзөт.

Жыйында быйыл күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралбайт деген божомол бар экендиги айтылды.