> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек–2026: бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сомго болжолдонууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/20/bishkiek-2026-biudzhiettin-kirieshie-bolughu-32-9-mlrd-somgho-bolzholdonuuda/
- Published: 2026-02-20T11:12:43.000Z
- Updated: 2026-02-20T11:12:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Бүгүн Тунгуч театрында Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Иш-чарага шаар тургундары, муниципалдык бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышты. бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков акыркы беш жылда шаар бюджети үч эсеге өскөнүн белгилеп, 2025-жылы бир катар ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылганын айтты.

> Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын башчысы Руслан Садырбаевдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгында шаардын бюджеттик кирешеси 30,5 млрд сомду түзүп, план 103,8%га аткарылган. Ошондой эле шаардык инфраструктураны колдоо үчүн кошумча 2,9 млрд сом бөлүнгөн.

2026-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сом өлчөмүндө болжолдонууда. Каражаттар жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө, инженердик тармактарды жакшыртууга, социалдык объектилерди капиталдык оңдоого, райондорду көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга багытталат.

> Коомдук угуу учурунда шаар тургундары газдаштыруу, канализация, жол, транспорт жана социалдык объектилер боюнча суроолорун берип, муниципалдык кызматтар тарабынан жооптор берилди. Айтылган сунуштар тиешелүү мекемелерге тапшырма катары жолдонду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-70.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-58.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/5-21.jpeg)