> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр жылуулук энергиясын өндүрүү 2,8 гигокалорияга азайган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/20/byltyr-zhyluuluk-enierghiiasyn-onduruu-2-8-ghighokaloriiagha-azaighan/
- Published: 2026-02-20T10:15:56.000Z
- Updated: 2026-02-20T10:15:55.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**Кыргызстанда 2025-жылы электр энергиясын өндүрүү көлөмү 15 млрд 386,9 млн кВт/саатты түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 675,4 млн кВт/саатка көп болгону Экономика министрлигинин материалдарында айтылат.**

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын өндүрүү 14 млрд 711,5 млн кВт/саат болгон. Өсүү темпи мурунку жылга салыштырмалуу 104,6%ды түзгөн.

Электр энергиясынын негизги көлөмү адаттагыдай эле гидроэлектр станцияларына туура келген. 2025-жылы ГЭСтерде 13 млрд 358,3 млн кВт.саат электр энергиясы өндүрүлүп, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн (12 млрд 939,8 млн кВт/саат) 418,4 млн кВт/саатка көп болгон. Өсүү 3,2%ды түзгөн.

Ошол эле учурда жылуулук электр борборлорунда (ЖЭБ) өндүрүш кыйла көбөйгөн. 2024-жылы 1 млрд 771,7 млн кВт/саат болсо, 2025-жылы 2 млрд 28,6 млн кВт/саатка жеткен. Өсүү темпи 114,5%ды түзгөн.

> Муну менен катар жылуулук энергиясын өндүрүү көлөмү азайган. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүч 2 млн 846,6 миң Гкал болуп, 2024-жылдагы 3 млн 30,2 миң Гкалдан төмөн болгон. Физикалык көлөм индекси 93,9% деңгээлинде түзүлгөн.