> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан эл аралык резерви 2025-жылы 3 млрд 515 млн долларга өскөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/20/kyrghyzstan-el-aralyk-rieziervi-2025-zhyly-3-mlrd-515-mln-dollargha-oskon/
- Published: 2026-02-20T07:17:28.000Z
- Updated: 2026-02-20T07:17:27.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика

**Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2025-жылдын декабрь айынын аягында 8 млрд 603,1 млн долларды түзгөнүн Экономика министрлигинин материалдарында белгиленет.**

> Жыл башынан бери резервдер 3 млрд 515,1 млн долларга, башкача айтканда 69,1%га көбөйгөн.

"Резервдердин өсүшү өлкөнүн тышкы экономикалык көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөрдү, ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту жана төлөм балансын колдоо үчүн тышкы буфердин түзүлүшүн чагылдырууда", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

> Ошондой эле 2025-жылдын январь–ноябрь айларында жеке адамдардын акча которууларынын агымы өскөнү катталган. Которуулардын көлөмү 3,2 млрд долларды түзүп, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 17,2%га көбөйгөн. 

Минэкономиканын маалыматына ылайык, акча которуулардын көлөмүнүн өсүшү эмгек мигранттарынын кирешесинин өсүшү менен байланыштуу жана үй-бүлөлөргө каржылык колдоого таасир этет.