> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/24/iaponiia-el-aralyk-kyzmattashtyk-uiumu-kyrghyzstangha-11-mln-600-min-dollar-kaitarymsyz-karazhat-bolot/
- Published: 2026-02-24T12:50:53.000Z
- Updated: 2026-02-24T12:50:52.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Гранттар жана кредиттер

**Япония эл аралык кызматташтык уюму(JICA) Кыргызстанга 11 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов билдирди.**

Анын айтымында, каражаттар Ош шаарындагы түштүк аймагына кызмат көрсөткөн референс-ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат.

Гранттын алкагында төмөнкү жабдууларды сатып алуу пландалууда:

- ангиографиялык комплекс (кан тамыр жана жүрөк операциялары үчүн);
- МРТ (магниттик-резонанстык томограф);
- маммограф (эмчек ооруларын аныктоо үчүн);
- рентген аппараттары.

Жогорку Кенештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитети Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактырды. Документ ушул жумада парламенттин пленардык жыйынында каралары күтүлүүдө.