> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга 2025-жылы 3,886 млрд кВт/саат электр энергиясы экспорттолгон
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/24/kyrghyzstangha-2025-zhyly-3-886-mlrd-kvt-saat-eliektr-enierghiiasy-eksporttolghon/
- Published: 2026-02-24T05:45:07.000Z
- Updated: 2026-02-24T05:45:07.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Кыргызстан 2025-жылы сырттан 3,886 млрд киловатт-саат электр энергиясын импорттогонун Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.**

Анын айтымында, 2025-жылы республика жалпы 15,4 млрд киловатт-саат электр энергиясын өндүргөн, анын ичинен:

- ГЭСтер — 12,9 млрд,
- Бишкектеги ТЭЦ — 2 млрд,
- чакан ГЭСтер — 450 млн киловатт-саат.

> "Керектөө 19,3 млрд киловатт-саатка жетет. Камсыз болбогон 3,886 млрд киловатт-саат электр энергиясы Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Россиядан экспорттолду", — деди министр.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстан Улуттук электр тармактарынын маалыматына ылайык, өткөн жылы тармакка 26 448 жаңы абонент кошулган, бул 1 974 мегаватт электр энергиясына барабар.