> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/25/zhyrghalan-kurortunda-daghy-tort-arkan-zholun-kurulat/
- Published: 2026-02-25T14:15:47.000Z
- Updated: 2026-02-25T14:15:46.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду.**

Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча ири долбоордун уландысы болуп саналат. 2025-жылы түзүлгөн алгачкы келишимдин алкагында эки негизги аркан жолу курулуп жатат. Аларды пайдаланууга берүү 2026-жылдын май айына пландалган.

> Бүгүн кол коюлган документке ылайык, 2026-жылдын аягына чейин Жыргалаңда дагы төрт аркан жолу орнотулат. Натыйжада декабрь айына карата линиялардын жалпы узундугу 8 чакырымдан ашып, лыжа трассаларынын узундугу 46 чакырымга жетет.

**Курортту өнүктүрүүнүн биринчи фазасы**

Валерий Яшин белгилегендей, 2025-жылдан тарта адистер инфраструктуралык объектилерди куруу менен катар Жыргалаңдын комплекстүү өнүгүүсүнүн мастер-планын иштеп чыгышкан.

Биринчи фазада аркан жолдордон тышкары кошумча инфраструктура да каралган. 2026-жылы тоодо толук кандуу кызмат көрсөтүү комплексин түзүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлөт. Максат — декабрь айына чейин туристтерге дүйнөлүк алдыңкы багыттарга тең келе турган тейлөө деңгээлин камсыз кылуу.

**Заманбап технологиялар жана эл аралык тажрыйба**

Компания өкүлдөрүнүн айтымында, курортко орнотулуп жаткан жабдуулар тармактагы эң заманбап чечимдердин катарына кирет.

> Doppelmayr компаниясынын долбоорлорунун болжол менен 60%ы бийик тоолуу аймактарда ишке ашырылат. Компания дүйнөнүн 96 өлкөсүндө иш алып барат жана мындай масштабдагы объект Кыргызстандагы алгачкы долбоору болуп саналат.