> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик бааны жөнгө салуу сөөксүз этке тиешелүү эмес
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/26/mamliekiettik-baany-zhongho-saluu-sooksuz-etkie-tiieshieluu-emies/
- Published: 2026-02-26T06:39:17.000Z
- Updated: 2026-02-26T06:39:17.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Бизнес

**Мамлекеттик бааны жөнгө салуу сөөктүү уй жана кой этине тиешелүү экенин, ал эми сөөксүз этке тиешелүү эмес экенин радионун эфиринде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Бактыбек уулу Жакшылык билдирди.**

Анын айтымында, буйрукта чаралар так көрсөтүлгөн жана алар сөөктүү этке гана тиешелүү.

> "Мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенде ал сөөксүз этке жана филе бөлүгүнө жайылтылган эмес. Чаралар сөөктүү этке, анын ичинде сан жана төш бөлүктөрүнө гана тиешелүү болгон", — деп түшүндүрдү ал.

Ал айрым керектөөчүлөр нормага туура эмес түшүнүк берип, жөнгө салуу эттин бардык түрүнө тиешелүү деп кабыл алышканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жарандардан бир нече кайрылуу түшкөн. Мекеменин маалыматына ылайык, адистер жер-жерлерге барып, керектөөчүлөргө жана сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, буйруктун талаптары менен тааныштырган.

Кызмат өкүлүнүн айтымында, буйруктун күчү өлкө аймагындагы сөөктүү эт сатылган бардык соода түйүндөрүнө жайылат.

---

Алгач буйрук 2025-жылдын август айында 90 күнгө күчүнө кирген. Кийин анын мөөнөтү 30 күнгө — 30-декабрга чейин узартылган. Андан соң №205 буйрук менен мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу 2025-жылдын 31-декабрынан 2026-жылдын 30-январына чейин узартылган. Үчүнчү ирет узартуу менен убактылуу жөнгө салуунун мөөнөтү 2026-жылдын 27-февралына чейин белгиленген.