> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/27/e-akunbiekov-kyrghyzstanda-sughat-zhierlierdin-zhalpy-aianty-1-mln-23-min-ghiektargha-zhietti/
- Published: 2026-02-27T11:39:26.000Z
- Updated: 2026-02-27T11:39:26.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Кыргызстанда сугат жерлеринин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жеткенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты.**

Министрдин маалыматы боюнча, 2025-жылы 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22 эсе жогору көрсөткүч. Натыйжада өлкөдөгү сугат жерлеринин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти. Ошондой эле тамчылатып жана тамчылатып сугаруу тутуму кошумча 3 338 гектарга жайылтылды.

> "Тармакка бюджеттен 1,7 млрд сом бөлүнүп, 161 даана атайын техника сатылып алынган. Жыл ичинде 562 км канал, 91 насостук станция жана 608 гидротехникалык курулма оңдоодон өттү.

> Өткөн жылы таза суу тармагына 3,7 млрд сом жумшалып, 40 айылга суу жеткирилди. Муну менен 75 миңден ашуун жаран таза суу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду", - деди ал. 

Белгилей кетсек, бүгүн "Ынтымак ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өттү.