> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/27/nookat-raionunda-200-ghiektar-zhierghie-buudai-arpa-eghildi/
- Published: 2026-02-27T10:30:19.000Z
- Updated: 2026-02-27T10:30:18.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди.

Ошондой эле район аймагында 8 473 гектар жерге буудай, 2 596 гектар жерге арпа эгүү пландалган.

Министрлик тарабынан дыйкан-фермерлерге үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү колдоо көрсөтүлүүдө. Ошондой эле адистер тарабынан агротехникалык кеңештер берилип, жумуштардын сапаттуу жүрүшү көзөмөлгө алынган.

> "Бул иш-чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана аймактын агрардык потенциалын жогорулатууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.