> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/28/atamiekiendik-40-tonna-balyk-toiutun-chygharghan-zavod-ishtiei-bashtady/
- Published: 2026-02-28T13:41:26.000Z
- Updated: 2026-02-28T13:41:26.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Бизнес

**Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду.**

Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар мамлекеттик банктан жеңилдетилген насыя алынган.

> Өндүрүш кубаттуулугу күнүнө 100-120 тонна жем өндүрүүгө ылайыкташкан. Бирок, азырынча завод толук кубаттуулукта иштей элек. Ошондуктан күнүнө 30-40 тонна гана балык жемин өндүрө баштады. Заводдо учурда балык жеминин 12 түрү өндүрүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/------------------1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/-----------------.jpeg)

Бул өндүрүш балык жемин Иран технологиясы менен өндүрүүгө ылайыкташкан. Негизинен форель балыгынын жемин өндүрүүгө басым жасалат.

> Балык жеминин 1 кг баасы 200 сом. Чабак балыктардын жеминин 1 кг баасы андан бир аз кымбатыраак болушу мүмкүн. Импорттолгон балык жемдеринин баалары сапатына жараша 175 сомдон 250 сомго чейин.  

"Тянь-Шань Форель" ишканасынын өндүрүшү Панфилов районунда, болжол менен 7 гектардай жер тилкесине курулган. Ишкана толук ишке кирсе, 100дөн 120га чейин туруктуу жумуш орундары түзүлөт.