> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/02/28/kyrghyzstanda-startaptargha-1-mln-somgho-chieiin-zhienildietilghien-nasyialar-bieriliet/
- Published: 2026-02-28T08:15:48.000Z
- Updated: 2026-02-28T08:15:47.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Кыргызстанда мамлекеттик программа алкагында жаңы баштапкы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын ишкерлерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди.**

Анын айтымында, 2026-жылдын башында өкмөттүн чечими менен 2030-жылга чейин иштей турган долбоор бекитилген.

> "Стартаптарды ар кандай багыттар боюнча колдоого алышат — программаны жүзөгө ашыруу учурунда болжол менен 20 ишкердик багыт каралган. Бир долбоорго 1 млн сомго чейин 18 айлык насыя берилет, анын ичинде 6 айлык жеңилдетилген мөөнөт каралган. Жеңил мөөнөттөн кийин ишкерлер пайыздык төлөмдөрдү баштайт", — деди Нурбек Уметалиев.

Ал кошумчалагандай, төрт коммерциялык банк буга чейин эле кредиттерди берип жатат.

Нурбек Уметалиев 2025-жылы дагы бир стартаптарды колдоо долбоору бекитилгенин эскертти, аны Ишкерлерди өнүктүрүү фонду ишке ашырат. Ал жерде кредиттер 8% менен берилет жана жеңилдетилген режимдер каралган эмес.