> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Brent маркасындагы мунай баасынын барелли ICE биржасында 81 доллардан ашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/02/brent-markasyndaghy-munai-baasynyn-barielli-ice-birzhasynda-81-dollardan-ashty/
- Published: 2026-03-02T03:33:02.000Z
- Updated: 2026-03-02T03:33:02.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Brent маркасындагы мунайдын баасы Лондондогу Intercontinental Exchange (ICE) биржасында 2-марттын таңында баррелине 81 доллардан ашты. Бул 2025-жылдын 23-июнунан берки алгачкы учур. Бул тууралуу соода маалыматтары көрсөтүүдө.**

> Жуманын башында мунайдын баасы 12,2%га кымбаттады. Баанын өсүшү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу болуп жатат.

> Октябрь айында жеткириле турган WTI маркасындагы мунайдын фьючерси да 2,3%га өсүп, баррелине 76,7 долларга жетти.

Буга чейин аналитиктер мунай баасы кескин жогорулашы мүмкүн экенин божомолдошкон. Негизги себеп катары Ормуз кысыгынын жабылышы мүмкүн экени айтылган. Бирок Иран бийлиги Тегеран деңиз коридорун жабууну пландабай турганын билдирген. Буга чейин ЖМКларда аталган кысык жабылганы тууралуу маалыматтар чыкканы айтылган.