> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшү 355,8 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/02/chui-oblusunun-onor-zhai-ondurushu-355-8-mlrd-somgho-zhietti/
- Published: 2026-03-02T11:23:01.000Z
- Updated: 2026-03-02T11:23:01.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355,8 млрд сомго жеткенин облус башчысы Азамат Осмонов билдирди. Анын айтымында, облустун ички дүң продукциясы 205 млрд соомду түздү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 12% өсүштү көрсөттү.**

> “Биздин облус активдүү түрдө өнүгүп жатат. Мында кайра иштетүү, тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле курулуш материалдарын чыгаруу алдыга чыгууда. Ысык-Ата районунда өнөр жай тармагынын өсүшү өзгөчө байкалууда. Бул иштердин жүрүшүнө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун системалуу колдоосу чоң. Анткени фонд ири долбоорлорго каржылык жактан колдоо көрсөтүп келет”, - деди ал.

Фонддун маалыматы боюнча, жалпы инвестициянын дээрлик үчтөн бири — 335 млн доллары Чүй облусуна багытталган. Жалпы 727 долбоор колдоого алынып, каржылоонун негизги бөлүгү акыркы беш жыл ичинде берилген.