> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 млн сомдук мыйзамсыз товар кармалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/03/ak-zhol-otkormo-punktunda-5-mln-somduk-myizamsyz-tovar-karmaldy/
- Published: 2026-03-03T11:39:53.000Z
- Updated: 2026-03-03T11:39:52.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**Кыргызстандын аймагына электр шаймандарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.**

Тактап айтканда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктунда коштомо документтери жок "Дайсон" үлгүсүндөгү электр шаймандарын ташып келе жаткан эки унаа аныкталды. 

> Алардын ичинде 44 даана чач кургаткыч жана 66 даана чач тармалдаткыч болгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аныкталган коштомо документтери жок продукциянын жалпы баасы 5 млн сомдон ашкан.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, транспорт каражаттары айып короо жайына токтотулду.