> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акча алмаштыруу бюролоруна 55 миң айып пул салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/03/akcha-almashtyruu-biuroloruna-55-min-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-03-03T11:55:47.000Z
- Updated: 2026-03-03T11:55:46.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Бишкек шаарында мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын нормативдик актыларын бузган эки алмашуу бюросу жоопкерчиликке тартылды. Ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.**

> Мындан тышкары, Улуттук банк лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн К.К.Т.га карата да чара көрүлүп, 17,5 миң сом айып пул салынды.

Чара көрүүгө валюталык операцияларды жөнгө салуу эрежелеринин бузулушу негиз болгон. Улуттук банк валюта рыногундагы мыйзамсыз операцияларды токтотуу жана алмашуу пункттарынын ишин көзөмөлдөөнү улантарын билдирди.