> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөдөгү ири мунай заводу ишин жарым-жартылай токтотту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/03/duinodoghu-iri-munai-zavodu-ishin-zharym-zhartylai-toktottu/
- Published: 2026-03-03T05:10:37.000Z
- Updated: 2026-03-03T05:10:36.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Кечээ Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги Рас-Танурадагы ири мунай иштетүүчү заводго жасалган чабуулдан кийин ишкананын иши жарым-жартылай токтотулганын билдиргенин "Азаттык" жазды.** 

> Сауд Арабиясынын чыгыш жээгинде жайгашкан Рас-Танура комплекси Жакынкы Чыгыштагы эң ири заводдордун бири болуп саналат жана өлкөнүн энергетика тармагында негизги ролду ойнойт. Ал бир суткада 550 миң баррел мунай иштетет.

Сауд Арабиясынын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, заводго эки дрон менен чабуул жасалган, бирок экөө тең абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынган. 

> AFP агенттигине дагы бир булак билдиргендей, Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарына жакын жайгашкан аба базасына да ракеталар менен сокку урулган, бирок алар да абадан жок кылынган. Бул база америкалык аскерлер жайгашкан объект болуп саналат жана акыркы үч күн ичинде үчүнчү жолу чабуулга кабылды.

Сауд Арабиясы Иранды катуу айыптап, өзүн коргоо, анын ичинде жооп кайтаруу чараларын көрүү укугун сактап каларын эскертти.