> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Иран Ормуз кысыгынан мунай ташуучу кемелерди өткөрбөй турганын билдирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/03/iran-ormuz-kysyghynan-munai-tashuuchu-kiemielierdi-otkorboi-turghanyn-bildirdi/
- Published: 2026-03-03T07:45:23.000Z
- Updated: 2026-03-03T07:45:22.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Кеңешчи, генерал-майор Ибрагим Джаббари, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун атынан чыгып сүйлөп, Ормуз кысыгы кеме жүрүшү үчүн жабылганын жана андан өтүүгө аракет кылган кемелер өрттөлөрүн билдиргенин Al Jazeera маалымдады.**

Анын айтымында, мунайдын баасы 81 долларга жетип, дүйнө жүзү ал баа кеминде 200 долларга чейин өсөт деп күтүп жатат. Джаббари мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун, деңиз күчтөрүнүн жана армиянын бөлүктөрү кысыктан өтүүгө аракет кылган ар бир кемеге сокку урарын айткан.

Ошондой эле ал аймактагы мунай түтүк өткөргүчтөрүнө да сокку уруларын жана "каршылаш тарапка басым жасалмайынча" бул аймактан мунай экспорттоого жол берилбей турганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, америкалыктардын ири тышкы карыздары бар жана алар бул аймактагы мунайга муктаж, бирок "бир тамчы да ала алышпайт".

> Ормуз кысыгы — Перс булуңундагы өлкөлөр үчүн мунай экспорттоонун негизги деңиз жолу. Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан кийин ирандык ЖМКлар кемелерге кысыктын жабылганы тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлгөнүн жазышкан. Reuters агенттиги кеминде 150 танкер ачык деңизде якорь таштап токтоп турганын кабарлаган.

Ошол эле учурда, Аббас Аракчи 2-мартта Тегеран кысыкты жабууну пландабаганын билдирген.

---

Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү чийки мунайдын бештен бир бөлүгү өтөт. Анын жабылышы “кара алтындын” кымбатташына алып келиши мүмкүн. Ормуз кысыгы аймактагы өлкөлөр үчүн аскердик коопсуздук жагынан да стратегиялык мааниге ээ. New York Times гезити жазгандай, Иран кысыкты бууп, Перс булуңундагы АКШнын деңиз флотунун бардык кемелеринин мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоол болушу мүмкүн