> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/04/oshtun-ozbiekstan-mienien-chiektieshkien-aimaghynda-eez-achuu-sunushtaldy/
- Published: 2026-03-04T05:50:16.000Z
- Updated: 2026-03-04T05:50:16.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Пикир

**Ош облусунун тургундары Өзбекстан менен чек ара тилкесинде эркин экономикалык аймак (ЭЭЗ) ачып берүүнү суранып жатышканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.**

Анын айтымында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ушундай аймактарды түзүүнүн оң тажрыйбасы чек ара аймактарынын өнүгүүсүндө жакшы динамиканы көрсөттү.

> Депутаттын пикиринде, Ош облусунда ЭЭЗ ачуу аймактын экономикасына олуттуу оң таасирин тийгизип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө өбөлгө болот.

Өзбекстан менен чек арадагы мындай экономикалык аймак соода-экономикалык кызматташтыкты да кеңейтүүгө шарт түзмөк.