> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык органдарынын туура эмес аракеттери боюнча кантип, кайда арызданса болот?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/04/salyk-orghandarynyn-tuura-emies-arakiettieri-boiuncha-kantip-kaida-aryzdansa-bolot/
- Published: 2026-03-04T09:13:11.000Z
- Updated: 2026-03-04T09:13:10.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Салык кызматы жарандардын арыз-даттанууларын расмий кароо үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл экенин эскертет.**

Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн:

- жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу);
- электрондук түрдө (расмий сайт же электрондук почта аркылуу);
- оозеки түрдө — жеке кабыл алууда.

Мамлекеттик орган кайрылууну каттоого алып, маңызы боюнча карап чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө (адатта 14 күндөн 30 күнгө чейин) жооп берүүгө милдеттүү.

**Кайрылууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:**

- мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн аталышы;
- кайрылуучунун фамилиясы, аты-жөнү;
- байланыш телефону;
- жашаган дареги.

Жарандардын кайрылуусу боюнча салыктык чараларды көрүү үчүн мүмкүн болгон мыйзам бузуулар тууралуу документтер менен тастыкталган маалыматтар берилиши зарыл, анын ичинде:

- салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты-жөнү;
- идентификациялык салык номери (ИНН);
- экономикалык иш жүргүзгөн дареги;
- салык мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар.

> Салык кызматы белгилегендей, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар камтылбаган же анонимдүү кайрылуулар каралбай калышы мүмкүн. Даттануу негиздүү болушу шарт. Зарыл учурда ага көрсөтүлгөн фактыларды тастыктаган документтер жана башка материалдар тиркелет.

---

****Эске алуучу жагдай:** так маалыматтар жана далилдер камтылбаган кайрылууларды кароодон баш тартуу укугу бар. Кайрылуу же даттанууну электрондук түрдө жөнөтүү үчүн өзүңүздүн районуңуз боюнча электрондук почта дарегин колдонсоңуз болот. Даректердин тизмеси расмий сайтта көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери боюнча даттанууларды кабыл алуу үчүн ишеним телефону иштейт: ****0312 62 11 13**.