> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод  жакында ишке кирет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/04/zhalal-abadda-saatyna-360-kub-mietr-tashty-maidaloochu-zavod-zhakynda-ishkie-kiriet/
- Published: 2026-03-04T12:49:39.000Z
- Updated: 2026-03-04T12:49:38.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында курулуш иштери аяктап калган жаңы таш майдалоочу завод менен таанышты.**

> Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат.

Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан дарыянын коргоо зонасы толук сакталбагандыгы белгиленген. Таанышуу учурунда облус башчысы объекттин аймагын жеринде көрүп чыгып, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана завод жетекчилигине дарыянын коргоо зонасын эске алуу менен кошумча дамба куруу иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

> Өндүрүш объектиси кытайлык инвесторлордун колдоосу менен курулуп, жалпы наркы 7 млн долларды түзөт. Толук ишке берилгенден кийин 70ке жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот. Учурда объектке 60ка жакын жаңы техника алып келинген.