> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/04/zhk-dieputaty-zhurnalisttierdin-turak-zhai-maiana-masieliesinie-konul-buruunu-sunushtady/
- Published: 2026-03-04T07:25:50.000Z
- Updated: 2026-03-04T07:25:50.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Пикир

**Өлкөдө журналисттердин турак жай маселесинен баштап айлык акысына чейин көңүл буруу зарыл экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди.**

> Анын айтымында, учурда коомчулукту такталган маалымат менен камсыздоодо журналисттердин эмгеги бааланышы зарыл. Азыр алардын маянасы 13 миңден 20 миңге чейин, эң көп алганы 30 миң сом.

Мындан улам эл өкүлү өлкө башчысы журналисттердин маселесине көңүл буруусу кажет деген ойдо.

“ Журналисттик иликтөөлөрдүн болбой, журналистиканын башка стилдеги чыгармаларынын жаралбай, гезит-журналдардын дээрлик жок болуп жатышы журналистикага көңүл бурулбай жаткандан кабар берет. Ушул маселеге өлкө башчысы көңүл бөлүшү зарыл деп ойлойм. Биринчи кезекте эл кимге ишенет? Маалыматтык талаадагы мыкты журналисттердин берген пикирлерине, чындыкка ишенет. Бардыгыбыздын маалыматты жеткиргенге мумкүнчүлүгүбүз жок, блогерлик деңгээлден чыга албай жатабыз да. Ал эми чындыкты факты менен статистикалык маалыматтар менен журналисттер жеткирет. Ошондуктан турак жай маселелсинен баштап айлык акысына чейин карап чыгуу үчүн журналистикага кайрадан көңүл бурбасак болбой калды”, - деди ал.