> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/05/kiepildik-fond-aiymdargha-12-mlrd-som-nasyia-bierghien/
- Published: 2026-03-05T12:17:22.000Z
- Updated: 2026-03-05T12:17:21.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**"Кепилдик фонду" ААК түзүлгөндөн бери ишкер айымдарга жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашкан насыя алууга көмөктөшкөнүн фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева билдирди.**

Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген жалпы кепилдиктердин 38%ы (4 885) аялдардын бизнесине багытталган.

> "Ишкер айымдар алган насыялардын жалпы суммасы 12 млрд сомду түзүп, бул фонддун жалпы кредиттөө көлөмүнүн 33%ын түзөт. Аялдар үчүн берилген кепилдиктердин суммасы 3,9 млрд сомго жетти. Ошондой эле фонд тарабынан өткөрүлгөн 575 семинарга 4 800дөн ашык ишкер катышса, алардын 35%ын аялдар түзгөн", - деди ал.

Рейна Курманкожоева белгилегендей, 2020-жылдан тарта фонд кепилдиктердин кеминде 30%ын аялдар башкарган чакан жана орто бизнеске багыттоо чечимин кабыл алган. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында ишкер айымдарга 938 млн сомдук 2 810 кепилдик берилген.

> *"Бул көрсөткүчтөр аялдардын каржылык сабаттуулугу жогору экенин жана алар кризис учурунда да туруктуулукту көрсөтөрүн далилдейт"*, — деди ал.

Учурда "Кепилдик фонду" Бишкектеги гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкер айымдарга бизнес-пландарды иштеп чыгууга жана консультация берүүгө көмөктөшүүнү улантууда.