> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан  3D-протездөө технологиясын киргизди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/06/kyrghyzstan-3d-protiezdoo-tiekhnologhiiasyn-kirghizdi/
- Published: 2026-03-06T04:32:06.000Z
- Updated: 2026-03-06T04:32:06.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**5-мартта Эмгек министрлигине караштуу республикалык протез-ортопедия борборунда 3D-сканер жана 3D-принтердин презентациясы өттү. Бул жабдуулар француздук өндүрүштөгү жана модернизация планынын алкагында алынган.**

Бул жабдуулар **республикалык бюджеттен 45 850 еврого** алынган. Протездөөдө 3D-технологияны колдонуу **КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу** киргизилип жатат. Мекеме **13 миңден ашуун майыпты тейлейт**. 

Алардын ичинен:

- Буттун ылдыйкы бөлүгүнө протез алгандар: **1 396**
- Буттун жогору жагына протез алгандар: **443**

Ошондой эле мекеме **150дөн ашык түрдүү протез-ортопеддик продукцияны индивидуалдуу** жасайт.

Иш-чарага вице-премьер министр Эдиль Байсалов, Франциянын Кыргызстандагы элчиси, профсоюздардын өкүлдөрү, Исхак Раззаков атындагы КМТУ, жабдууларды өндүргөн компания, Россия жана Өзбекстандан чакырылган өнөктөштөр катышты. 

Вице-премьер Эдиль Байсаловдун айтымында, МинКабдын 2024-жылга карата иш-чаралар планына ылайык, мекеменин материалдык-техникалык базасын модернизациялоого **100 млн сом** каралган. "Бул технологияны киргизүү КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу жасалып жатат. Цифралык чечимдер тактыкты, ыңгайлуулукту жана ар бир адамга индивидуалдуу мамилени камсыз кылат",-деди ал.