> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/10/kaisyl-olkolordun-finik-inzhir-ananas-avokado-ghuava-zhana-mangholorun-zhiep-zhatabyz/
- Published: 2026-03-10T11:47:59.000Z
- Updated: 2026-03-10T11:47:58.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**2025-жылы Кыргызстанга 19 004,4 тонна жаңы жана кургатылган финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манго импорттолгонун (ТН ВЭД коду 0804) Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн.**

Импорттун жалпы суммасы **11,7 млн долларды** түзгөн.

Жеткирүүлөрдүн көлөмү **2024-жылга салыштырмалуу 3,8%га көбөйгөн**. 

Эң көп продукция төмөнкү өлкөлөрдөн алып келинген:

- Кытай — **16 343,4 тонна**
- Иран — **2 085,8 тонна**

Калган **575,2 тонна** продукция дагы **11 өлкөдөн** импорттолгон. Алардын ичинде:

- Иордания
- Египет
- Израиль
- Тунис сыяктуу мамлекеттер бар.