> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖОЖдор арасындагы инновациялык 59 долбоордун мыктылары каржыланат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/10/zhozhdor-arasyndaghy-innovatsiialyk-59-dolboordun-myktylary-karzhylanat/
- Published: 2026-03-10T03:39:40.000Z
- Updated: 2026-03-10T03:39:40.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

Кечээ "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар долбоорунун директору Расул Абазбек уулу 2025-жылы өткөрүлгөн инновациялык конкурстун жыйынтыгы менен бөлүштү.

Анын айтымында, өткөн жылы август айында биринчи айлампа жарыяланып, 38 мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайы сынакка катышууга өтүнмө берген.

> “Жалпысынан 196 долбоор келип түштү. Алар эки-үч ирет электен өткөрүлүп, бүгүнкү күндө 59 деталдуу долбоор каралууда. Алар дагы бир жолу эксперттердин текшерүүсүнөн өтүшөт. 26-мартта министрликтин алдындагы координациялык кеңеш жыйынтыгын чыгарып, эң көп дегенде 8 долбоорго артыкчылык берет. Алардын саны андан да азыраак болушу мүмкүн. Себеби долбоорго бөлүнгөн каражат аз эмес болгондуктан, ал жерде өтө жогорку талаптар коюлган”, — деди ал.

Ошондой эле директор белгилегендей, долбоорлор төмөндөгүдөй 7 артыкчылыктуу багыт боюнча бөлүштүрүлгөн:

- Энергетикалык жана инженердик-технологиялык системалар – 10;
- Биомедицина жана биотехнологиялык илимдер – 11;
- Биологиялык жана экологиялык медицина илимдери – 8;
- Агрардык жана азык-түлүк илимдери – 10;
- Билим берүү жана инклюзия – 6;
- Социалдык-экономикалык инновациялар – 5;
- Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана киберкоопсуздук долбоорлору – 9.

> “Булардын баары мамлекет тарабынан артыкчылыктуу деп саналган багыттарга шайкеш келет”, — деди ал