> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/11/ianvar-aiynda-kyzmat-korsotuulordun-tariftieri-11-4-gha-ostu/
- Published: 2026-03-11T12:49:51.000Z
- Updated: 2026-03-11T12:49:50.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Коом

**2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө.**

- Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%.
- Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү.
- Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га өстү.
- Амбулатордук медициналык кызматтар жана транспорт кызматтары — ар бири 9,2%га кымбаттады.
- Ал эми жеке транспорт каражаттарын тейлөө жана ремонттоо кызматынын баалары — 0,6%га гана өстү.

Бул маалыматтар кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтериндеги акыркы өзгөрүүлөрдү так көргөзүүдө.