> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандан алып келинген 56 тонна пияз Кыргызстан аймагына киргизилген жок
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/11/kazakstandan-alyp-kielinghien-56-tonna-piiaz-kyrghyzstan-aimaghyna-kirghizilghien-zhok/
- Published: 2026-03-11T11:02:12.000Z
- Updated: 2026-03-11T11:02:11.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин Чүй–Бишкек башкармалыгы Ак-Тилек – автожол өткөрүү пунктунда карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда Казакстандан импорттолгон 56 тонна пияздын фитосанитардык сертификатындагы маалыматтарда дал келбестик бар экенин аныктады.**

Текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук (товар коштоочу) документтердеги маалыматтарга туура келбегени белгилүү болду.

Евразия экономикалык союзунун бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктуна ылайык (Бажы союзу комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечими менен бекитилген), бул товар партиясын Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок жана жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.

Министрлик айыл чарба продукцияларын импорттоодо фитосанитардык талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертти.