> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров атамекендик шприцти сатып алууну текшерүү тапшырмасын берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/11/sadyr-zhaparov-atamiekiendik-shpritsti-satyp-aluunu-tiekshieruu-tapshyrmasyn-bierdi/
- Published: 2026-03-11T06:47:13.000Z
- Updated: 2026-03-11T06:47:13.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш жыйынында шприц сатып алууларды текшерүүнү жана ата мекендик өндүрүштү колдоого көңүл бурууну тапшырды.**

Жыйында депутат Айгүл Карабекова Кыргызстанда өндүрүлгөн шприцтердин мамлекеттик сатып алуулардагы үлүшү азырынча аз бойдон калып жатканын билдирди. 

Президент мындан 4–5 жыл мурун мамлекет бул өндүрүштү колдогонун эске салды. 

> "4–5 жыл мурун министр болуп Алымкадыр Бейшеналиев иштеп турган. Ошондо биз жардам берип, пайызсыз кредит бергенбиз. Андан кийин ишкана, сыягы, бутуна туруп калды. Азыр ишкана болжол менен **500 миңге жакын шприц чыгарат**, бирок анын аз гана бөлүгү ички рынокто сатылууда. Кыргызстанда сатылганы өтө эле аз. Министр, муну эске алып коюңуз. Бүгүн эле ревизия жүргүзүңүздөр — шприцтер кайдан сатып алынып жатат? Эмне үчүн өзүбүздө өндүрүлгөн продукцияны албай жатасыздар?» — деди Жапаров.

Ал бул маселеге Адылбек Касымалиев да тартылганын белгиледи.

"Мен Министрлер кабинетинин төрагасына бул маселени көзөмөлдөөнү тапшырдым. Ал азыртан эле барып, абалды текшерип жатат", — деп кошумчалады президент. Мамлекет башчысы министрликтерди жана мамлекеттик түзүмдөрдү ата мекендик продукцияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

"Бүт республика боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияга көңүл буруу керек. Министрликтер, депутаттар, куруучулар — баары ата мекендик өндүрүшкө басым жасашы керек", — деди ал.