> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Такси кызматында айрым компаниялар ар бир буйрутмадан 2% кармайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/11/taksi-kyzmatynda-airym-kompaniialar-ar-bir-buirutmadan-2-karmait/
- Published: 2026-03-11T02:54:08.000Z
- Updated: 2026-03-11T02:54:08.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Такси тармагында айрым компаниялар салык агенти катары иштерин 10-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радио эфиринде билдирди.**

Анын айтымында, мындай чечим айдоочулар патент алуу маселесинде кыйынчылыкка туш болбошу үчүн, ошондой эле рейддерди жана ашыкча бюрократияны болтурбоо максатында кабыл алынган.

Анын сөзүнө караганда, эми ар бир буйрутмадан **2% кармалат**: анын **1%ы — киреше салыгы**, дагы **1%ы — камсыздандыруу төгүмү**.

"Баары ушундай. Эч ким кыйынчылыкка туш болбойт", — деп жыйынтыктады ал.