> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/12/kyrghyzkomur-aaky-byltyr-komur-ondurushun-1-mln-385-min-tonnagha-zhietkirdi/
- Published: 2026-03-12T08:23:05.000Z
- Updated: 2026-03-12T08:23:05.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Энергетика

**Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 30%ын камсыз кылган "Кыргызкөмүр" мекемеси 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди.** 

Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 млн 700 миң куб метрди түзүп, пландан 20%дан ашык ашыгы менен аткарылган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-12----14.11.58-1-1.png)

> 2025-жылы ишкана беш жаңы көмүр кенин ачып, алардын жалпы баланстык корлору(запастары) 133 млн тоннадан ашты. Учурда көмүр казуу иштери сегиз участокто тогуз лицензиянын негизинде жүргүзүлүүдө.

> 2025-жылдын финансылык жыйынтыктары боюнча ишкана 511 млн сомдон ашык таза пайда көрдү. Ички рынокту камсыздоо максатында **Бишкек шаарынын** **ЖЭБине 587 миң тонна көмүр** жеткирилген. Учурда ишкана өндүргөн көмүрдүн 40%дан ашыгы борбор калаанын жылуулук-энергетикалык муктаждыктарына багытталууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-12----14.19.49.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-12----14.19.21.png)

Мындан тышкары, техникалык базаны жаңылоо иштери улантылып, жыл ичинде 46 даана тиешелүү техника сатылып алынды. Кара-Кече кен жайында эки мобилдик сорттоочу комплекс ишке киргизилди.

2025-жылы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулуп, "Кыргызкөмүр" ачык акционердик коомуна айландырылды. Ошол эле учурда акциялардын 100%ы мамлекеттин менчигинде сакталды.

Жыл жыйынтыгы боюнча ишкана 511 млн сомдон ашык таза пайда тапты.

2026-жылы ишкана көмүр өндүрүшүн көбөйтүп, ресурстук базасын кеңейтүүнү улантат. Жыл аягына чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында жаңы көмүр участокторун ишке киргизүү пландалып жатат.