> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда импорттун көлөмү 60%га чейин азайды – Садыр Жапаров
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/12/kyrghyzstanda-importtun-kolomu-60-gha-chieiin-azaidy-sadyr-zhaparov/
- Published: 2026-03-12T12:25:15.000Z
- Updated: 2026-03-12T12:25:14.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

***Кечээ президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, экономиканы чыңдоо үчүн ата мекендик өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.* Өлкө башчысы импортту азайтып, экспортту көбөйтүү зарылдыгын айтты.**

“Биз мүмкүн болушунча импортту азайтып, импорт менен экспорттун тең салмактуулугун камсыз кылышыбыз керек. Мурда 30% экспорттоп, 70% импорттосок, азыр импорттун көлөмү 60%га чейин азайды”,-деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын экспорту 2,8 млрд долларды түзгөн. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөткөн көлөмү 1,1 млрд доллар болгон.

Өлкөнүн негизги экспорттук өнөктөштөрү — Россия (22,9%), Казакстан (15,9%), Швейцария (15,4%), Өзбекстан (14,2%), Англия (8,2%), Кытай (5,4%), Бириккен Араб Эмираттары (4,3%) жана Түркия (2,7%) өлкөлөрү. Бул багыттагы соода мамилелерин чыңдоо үчүн Министрлер кабинети тарабынан тийиштүү шарттар түзүлүүдө.