> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан, Өзбекстан компанияларынын ортосунда 500 миң долларлык келишим түзүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/13/kyrghyzstan-ozbiekstan-kompaniialarynyn-ortosunda-500-min-dollarlyk-kielishim-tuzuldu/
- Published: 2026-03-13T07:07:42.000Z
- Updated: 2026-03-13T07:07:42.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Ташкент шаарында Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык Alaiku ЖЧКсы фирмасынын ортосунда 500 миң долларлык экспорттук келишим түзүлдү.**

Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн мындай келишимдер мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

> Буга чейин Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү компаниянын продукциясын Өзбекстан рыногуна чыгаруу боюнча кеңири иштерди жүргүзгөн. Бул иштердин алкагында:

- Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга жардам көрсөтүлгөн;
- жергиликтүү рынокко талдоо жүргүзүлгөн;
- кампа жайларын издөө иштери уюштурулган;
- ошондой эле Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен иштешүү боюнча консультациялар берилген.

Мындан тышкары, өкүлчүлүк Өзбекстандын ири супермаркет тармактары менен жумушчу жолугушууларды уюштуруп, кыргыз продукциясын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.