> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл  башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/13/zhyl-bashynan-bieri-kyrghyzstan-idpsy-264-mlrd-somgho-zhietti/
- Published: 2026-03-13T12:32:21.000Z
- Updated: 2026-03-13T12:32:21.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоого ылайык 264 млрд 52,5 млн сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.**

Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,8%га көбөйгөн.

Ошол эле учурда экономиканын өсүү темпи бир аз жайлады: 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 9% болгон.

ИДПнын түзүмүндө төмөнкү секторлор негизги үлүштү түздү:

- кызмат көрсөтүү тармагы — 49,9%дан ашык
- товар өндүрүү тармактары — 31,1%
- продукцияга таза салыктар — 19%

***Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө (2025-жылдын январь–февраль айлары менен салыштырганда) негизинен төмөнкү тармактар салым кошкон:***

- химиялык продукция өндүрүшү — 3,1 эсеге өскөн
- фармацевтикалык продукция — 1,7 эсеге өскөн
- резина жана пластмасса буюмдары, курулуш материалдары, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык продукциялар — 1,6 эсеге өскөн
- транспорт каражаттарын өндүрүү — 42,4%га көбөйгөн

> Баалар боюнча айтсак, 2026-жылдын январь–февраль айларында (2025-жылдын декабрына салыштырмалуу) **керектөө баалары жана тарифтер 1,9%га өскөн.**

Жылдык эсепте ***инфляция 9,7%га*** жетти.

***2026-жылдын башынан бери эң көп кымбаттаган товарлар жана кызматтар:***

- калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери — 3,6%га
- алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары — 2,2%га
- тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар — 2,1%га.