> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы ЭСФны жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/14/salyk-kyzmaty-esfni-zharaksyz-diep-taanuu-tartibin-ozghortuunu-sunushtady/
- Published: 2026-03-14T10:05:27.000Z
- Updated: 2026-03-16T04:52:45.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат.**

Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган.

> Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда. Тактап айтканда, комиссиянын маалымкатынын негизинде салык кызматы электрондук эсеп-фактураны жараксыз деп таануу жөнүндө чечимди эки жумуш күнүнүн ичинде түзөт.

Чечим салык төлөөчүгө тапшырылгандан кийин ЭСФ маалыматтык системасында анын тапшырылган күнү көрсөтүлүп, тиешелүү электрондук эсеп-фактуранын статусу ***"жараксыз"*** болуп өзгөртүлөт.

Ошондой эле долбоордо мындай чечимди жокко чыгаруу тартиби да каралган. Эгер чечим жокко чыгарылса, салык органы жаңы чечимдин реквизиттерин системага киргизип, эсеп-фактуранын статусун ***"кабыл алынды"*** деп өзгөртөт.

> Мындан тышкары, учурдагы тартиптеги 22-пункт күчүн жоготту деп табуу, ошондой эле эсеп-фактураларды жараксыз деп таанууда колдонулган чечимдин формасын өзгөртүү сунушталууда.

Бул өзгөртүүлөр электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын иш тартибин тактоого жана салыктык процесстерди башкарууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган.