> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда органикалык продукция чыгарган 11 кооператив бар
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/16/kyrghyzstanda-orghanikalyk-produktsiia-chygharghan-11-koopierativ-bar/
- Published: 2026-03-16T09:15:49.000Z
- Updated: 2026-03-16T09:15:48.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Кыргызстанда 11 кооператив органикалык продукция өндүрүү менен алектенерин Жогорку Кенештин комитетинин жыйынында Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди.**

Анын айтымында, учурда дагы 30га жакын ишкана органикалык продукция өндүрүүгө өтүүгө даярдык көрүп жатат.

> Чыналиев белгилегендей, 2022-жылдан бери органикалык продукция өндүрүүчүлөр 300 млн сомго жакын суммада жеңилдетилген насыяларды алышкан.

> Ошондой эле ал кыргыз жаңгагы өлкөнүн бренддик органикалык продукцияларынын бири экенин жана дүйнөнүн 30дан ашык мамлекетине, анын ичинде АКШга, Европа өлкөлөрүнө, Россияга жана Түштүк Кореяга экспорттолорун баса белгиледи.