> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокат районунда түз себүү технологиясы менен 113 гектар жерге сафлор эгилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/18/nookat-raionunda-tuz-siebuu-tiekhnologhiiasy-mienien-113-ghiektar-zhierghie-saflor-eghildi/
- Published: 2026-03-18T09:41:00.000Z
- Updated: 2026-03-18T09:40:59.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Ноокат районундагы “Кызыл Кашташ” кооперативи 113 гектар аянтка түз себүү технологиясы менен сафлор өстүрө баштаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

> Аталган кооператив райондо биринчилерден болуп сафлор өстүрүүгө киришти. Жаңы ыкма — жерди айдабай туруп түз себүү — өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, кыртыштын нымдуулугун сактоого жана талаа жумуштарын ыкчам бүтүрүүгө мүмкүндүк берет.

Бул демилге Ноокат районунда айыл чарбасын модернизациялоо жана заманбап агротехнологияларды жайылтуу багытындагы алгылыктуу иштердин бири болуп саналат.

> Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы район боюнча жалпы 700 гектар жерге сафлор эгүү пландаштырылган.