> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Кыргызстанда 1,8 млн тонна сүт өндүрүлгөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/19/byltyr-kyrghyzstanda-1-8-mln-tonna-sut-ondurulghon/
- Published: 2026-03-19T09:27:04.000Z
- Updated: 2026-03-19T09:27:03.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Улуттук статистика комитети өткөргөн басма сөз жыйынында 2025-жылдагы айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жыйынтыктары жарыяланды.**

> Улуттук статистикалыккомитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 1 млн 881,5 миң тонна чийки сүт өндүрүлгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 3,2%га көп.

> Көлөмү жана өсүү темпи боюнча Чүй облусу лидер болду. 2025-жылы бул аймакта 495,5 миң тонна сүт өндүрүлүп, 2024-жылга салыштырмалуу 7% өсүш көрсөттү.

Тармакка негизги салымды үч аймак кошот — Чүй облусу, Жалал-Абад облусу жана Ош облусу. Алар биргелешип республикадагы сүт өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 66%ын түзөт.