> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/19/eki-aida-kyzmat-korsotuu-tarmaghy-107-1-osushtu-kamsyzdady/
- Published: 2026-03-19T05:23:39.000Z
- Updated: 2026-03-19T05:23:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди.**

Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө дээрлик 50% үлүштү ээлеп, экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Бул тармак экономикалык өсүшкө 4,82%дык пункт кошуп, өсүү темпи 107,1%ды түздү.

Ошол эле учурда жыл башында соода активдүүлүгүнүн сезондук төмөндөшүнө байланыштуу кызмат көрсөтүү секторунда өсүш бир аз жайлады. Айрыкча дүң жана чекене соодадагы динамиканын басаңдашы байкалды.

Бирок 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу:

- дүң жана чекене соода жүгүртүүсү 13,2%га өстү;
- чекене соода 14,3%га;
- дүң соода 9,1%га көбөйдү.

> Транспорт жана жүктөрдү сактоо кызматтары 21,9 млрд сомду түзүп, 3,7 %га өстү. Бул негизинен почта жана курьердик кызматтардын 18,4%га көбөйүшү менен байланыштуу.

> Мейманкана жана ресторан кызматтары 13,2%га өсүп, 7,7 млрд сомго жетти. Ошондой эле маалымат жана байланыш кызматтарынын көлөмү 8,2%га көбөйдү.

Жалпысынан алганда, кызмат көрсөтүү сектору экономиканын негизги өсүү булагы бойдон калууда.