> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары 1 млрд 671 млн сомдук дары сатты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/03/19/el-aman-mamliekiettik-darykanalary-1-mlrd-671-mln-somduk-dary-satty/
- Published: 2026-03-19T09:51:07.000Z
- Updated: 2026-03-19T09:51:07.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Экономика, Саясат

**“Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары ачылгандан бери 1 млрд 671 млн 459 миң сомго дары сатканын “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларынын жетекчиси Рысбек Акынбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.**

Маалымдалгандай, анын ичинен 185 млн 947 миң сом мамлекетке салык төлөгөн.

> “Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 72 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары бар. Анын ичинен Бишкек шаарында 16 дарыкана, Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 5, Талас облусунда 6, Нарын облусунда 3, Баткен облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 15, Ош облусунда 13 жана Ош шаарынын өзүндө 3 дарыкана бар. Быйыл дагы жаңы дарыканаларды ачуу планыбызда бар. 

> Учурда 45 фармацевтикалык компания дистрибьютор менен иштейбиз. Биздин дарыканаларда жеке менчик дарыканаларга салыштырганда 10-15%га дарылар арзан”,- деди Акынбеков.

Эскерте кетсек, "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары калкты арзан баадагы дары-дармек камсыздоо максатында 2 жыл мурда түзүлүп, иштеп баштаган.